Баткен шаарында 16гектар жер көрүстөн үчүн бөлүнүп берилди

Бул тууралуу шаардык бийликтен билдирди. Ага ылайык, мындай чечимди шаардык кеңеш 2023-жылдын 7-декабрындагы сессиясындагы кабыл алган. Анын негизинде Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын жайыт багытындагы 16 гектар жер көрүстөнгө бөлүп берүүгө макулдук берилди. Ал жерге керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Муниципалдык менчик департаментине тапшырылды. – деп айтылат маалыматта.